эми талашып тартышпай жакшы иштешсе экен. а то эки күндүн биринде эле муфтиятты басып алышчу эле. мындан ары андай болбойт деп ишенели. ишенгим келет
Кыргызстан мусулмандарынынын IV курултайында негизги эки маселе каралды. Алар: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставы жана муфтийди шайлоо.
Курултайга Кыргызстандын аймагынан бардыгы болуп 200 делегат жана коноктор чакырылган. Чакырылгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жана акыйкатчы Турсунбек Акун болду. Ошондой эле Орусия, Татарстан Казахстан, Тажикстан жана Түштүк Африка муфтиятынан өкүлдөр да катышты.
Кыргызстан мусулмандарынын уставын кабыл алуу абдан талаш-тартыш менен талкууга алынды. Өзгөчө уламалар кеңешинин мүчөлөрүн тандоо делегаттар арасында чоң талкуу жаратты. Уставдын жаңы долбооруна ылайык, уламалар кеңешинде 35 мүчө болот деп жазылган. Бирок, бул сан менен макул болгондор да болду. Делегаттардын бири уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 27 кылуу керек деп сунуштады. Анын бул сунушун бир катары колдосо көпчүлүгү колдогон жок. Мындай сунушту сунуштаган делегаттын айтымында, 27 мүчөсү болсо ар бир казыяттан үчтөн киши уламалар кеңешине кирмек. (Кыргызстан боюнча 9 казыят бар). Ошондо квоталар тең бөлүнүп, эч кандай талаш-тартыш да жаралмак эмес.
Ошентсе да мындай сунуш колдоо тапкан жок. Акырында делегаттар Уламалар кеңешинин мүчөсү 35 кишиден турсун деген устав долбоорун жактырышты. (Эскертсек, буга чейин да уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 35 болчу).
“Диний билим жоктор уламалар кеңешине мүчө болбосун”
Курултайдын эң кызуу талкуусу болуп, Уламалар кеңешине мүчөлөрдү тандоо болду. Уставдын жаңы долбооруна ылайык, Уламалар кеңешине квоталар ири облустарга 4, ал эми чакан облустарга 3төн квота каралган. Квота облустарга бөлгөндө төмөндөгүдөй болду: Чүй облусу – 4, Ош облусу – 4, Жалал-Абат – 4, Бишкек шаары – 4, Муфтиятка – 4 орун бөлүндү. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен облусуна жана Ош шаарына 3төн орун каралган. Жалпы 35 квота.
Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов “Уламалар кеңеши жалпы Кыргызстандагы мусулмандардын атынан чечим кабыл алуучу орган. Андыктан ал жакка илим-билимдүү, такыба инсандар келүүсү керек” деген талабын айтты. Анын бул сунушу көпчүлүк делегаттар тарабынан колдоого алынды.
"КМДБнын буга чейинки уставында уламалар кеңешинин төрагасы муфтий боло алат" деп жазылган болсо, жаңы уставдын долбооруна ылайык муфтий уламалар кеңешин жетектей албайт.
Ош облусунан келген делегат уламалар кеңешине мүчө боло турган адам КМДБнын структурасында иштебеген киши болушу керек. Ошондой болгондо гана ал адам эч кимге көз каранды болбой, өз ишин аткарат деп билдирди. Бирок анын бул сунушу суу кечкен жок. Чүй облусунан келген делегат “Эгер ал адам казыят же мечитте иштебесе, анан кантип дин тармагындагы көйгөйлөрдү билип, туят. Андыктан бул сунуш туура эмес, УКга мүчө болчу адам дин тармагында иштеген киши болушу керек” деген оюн айтты. Анын бул сунушун көпчүлүгү колдоп, дин иштерине аралышып жүргөн киши гана мүчө болсун деген жалпы каалоосун айтышты.
Курултайды алып барууга жардамчы болгон Равшан ажы Эратов уставга ылайык, кандай киши УКга мүчө боло аларын айтты. “Уламалар кеңешинин мүчөлөрү курултайда шайланат. Алар диний илим боюнча жогорку билимдүү, калыс, адилеттүү, мусулмандар арасында аброю болгон киши гана УКга мүчө боло алат”, - дейт ал.
Ошентип ар бир аймактан көргөзүлгөн өкүлдөрдүн талапкерлиги курултай делегаттары тарабынан колдоого алынды. Ошол эле күнү 15-декабрда Уламалар кеңешинин алгачкы жыйыны болду.
Уламалар кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өттү
Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайын чагылдырууга 10дон ашык журналисттер да жүрдү. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү тандалгандан кийин алардын биринчи жыйыны болуп, анда муфтий шайланмак. УК жыйынына алгач журналисттер да кирип, ал жакта муфтийликке көргөзүлгөн адамдардын талапкерлиги ачык түрдө каралары айтылган. Бирок, УК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен журналисттер жыйындан чыгарылып, отурум жабык эшик артында өттү. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн бир гана акыйкатчы Турсунбек Акун гана отурумга көзөмөл кылуу үчүн калтырылды. КМДБнын жаңы уставына ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жалпысынан муфтийлик кызматка 10 кишинин талапкерлиги көргөзүлгөн. Алардын ичинде Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин талапкерлиги да болду. Муфтийликке талапкерлер УК мүчөсү тарабынан каралды. Талапкерлердин арасында өз ыктыяры менен 6 талапкер баш тартты. Алардын бири Абдышүкүр Нарматов. Уламалар кеңеши 4 талапкердин ичинен муфтийлекке татыктуу деп Рахматулла ажы Эгембердиевди тандады. Аны колдоп, УК мүчөлөрүнүн 25и макул деп добушун берсе, 8 мүчө калыс деген добушун берген.
Ошентип, 15-декабрда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайында муфтий болуп Рахматулла ажа Эгембердиев шайланды.
Эскертсек, Рахматулла ажы Эгембердиев Чубак ажы Жалилов муфтийликтен кеткенден кийин муфтий кызматын убактылуу аткарып келген. Ал быйылкы ажылык-2012 зыяратын уюштурууда жетекчилик кылган.