Кийинки жылы майыптар үчүн атайын 10 жол чырагы коюлат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул демилгени бир топ кишилер колдоого алууда. “Эларалык уюмдар бул долбоорду ишке ашырууну колдошууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовда чоң колдоо көргөзүүдө”, - дейт ал.
Шаар башчы ошондой эле өз сөзүндө быйыл шаар ичине 1 миңден ашык жол белгилери коюлган. Бул өз кезегинде айдоочулардын жолдо этият болушуна алып келет.