Шаардагы эски имараттар кийинки жылы сүздүрүлөт

Борбор калаа Бишкектин чок ортосунда орун алган эски имараттар сүздүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.

Ал бул сүздүрүүгө мамлекет тарабынан колдоого алынган архитектуралык мурастар кирбей турганын кошумчалады.

Шаар башчысы ошондой эле өз алдынча мыйзамсыз курулган курулуштар да сүздүрүлө турганын белгиледи.

Ата-Түрк паркында курулуп аткан элиталык үйлөр тууралуу Өмүркулов ал жакта мыйзамсыз курулуп аткан курулуштардын алдын алуу боюнча иштер улана турганын айтты. “Учурда Ата-Түрк паркынын аймагы канча экени толугу менен тактала элек. Андыктан анын аянты канча экенин такташ керек. Мыйзамсыз курулуп аткан курулуштарга жол бербөөгө аракет кылабыз”, - дейт шаар мэри.

Ал ошондой эле буга чейинки шаар башчылары жасап кеткен жакшы иштерди улантуу керектигин белгиледи. Ал журналисттердин эмнеге шаарды өнүктүрүү боюнча өз программаңыз жок? деген суроосуна: “Шаарды өнүктүрүү боюнча менин өзүмдүн программам бар. Ал шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мага чейинки кишилердин жакшы пландалган иштерин улантып алып кетишибиз керек. Мурдагылар жаман иштеген деп баарын эле жокко чыгарган болбойт”,- деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД