"Мыйзам боюнча мен дагы эки жыл иштейм. Мен төрт жылга шайлангам". Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле шаар башчылыктан түшүүнү эл кааласа ал жумушунан кетүүгө даяр экенин билдирди.
Иса Өмүркулов шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо тууралуу айтып атып, тазалоо иштерине аэропорттон атайын техника алынганын жана укук коргоо органдары да тартылганын билдирди. “Укук коргоо органдары жолду тазалоо учурунда жол кыймылын жөнгө салууга жардам берүүдө”, - деди ал.
Шаар башчы бүгүн Бишкектин негизги көчөлөрү кардан тазаланып бүтөрүн билдирди.