"Түркия мамлекетинен келген насыядан өкмөт бизге 30 млн доллар бөлүп берди. Ага шаардын орчундуу көчөлөрдүн баарын оңдойбуз". Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.
Ал бул каражатка Түштүк магистрал көчөлөрү узартыларын маалымдады. “Түштүк магистралды батышынан да, чыгышынан да шаардын чек арасына чыгарабыз. Бул шаардын борбордук көчөлөрүндөгү оор абалды жеңилдеткенге шарт түзөт. Андан сырткары көпүрө курулат, тазалык, көркөндүрүү жана жашылдандыруу маселелери да турат”, - дейт ал.