Мамытбай Салымбеков Бишкек баатырдын музейин түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-январдагы, пленардык жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Мамытбай Салымбеков "Түрдүү маселелерди" талкуулоо учурунда Бишкек баатырдын музейин түзүүнү сунуштады.

"Бишкек баатыр болгон эмес деген түрдүү сөздөр айтылып, ал болгону айылдык гана адам болгон делинүүдө. Биз аны улуттук баатыр деп атап атабыз. Келгиле мамлекеттик деңгээлде музей түзөлү, баатырды даңктайлы", - дейт Салымбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД