карышкырларды атыш крек. ансыз да малчылардын малдарын кунуго жарып кетип, чыгым алып келип атат. узакбаев рулит
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Талантбек Узакбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-январдагы, жыйынында Ысык-Көлдөгү экология милициясынын ишмердигин жандандырууну сунуштап, ал жакта булгануу жылыга өсүп атканын белгиледи.
Узакбаев ошондой эле тоолуу аймактарда карышкырларды атуу маселеси ойдогудай жүрбөй атканын айтты. "Мурда ар бир малчынын жеке мылтыгы болчу. Малчылар бүгүн да малын карышкырдан коргоого даяр. Бирок алардын мылтыктары жок. Өз каражатына баары эле сатып ала албайт. Карышкырларды атуу үчүн аларга эмне үчүн курал таратууга болбосун? Алардын да саны өсүп атат", - дейт депутат.
Депутат ошондой эле карышкырдын адамга кол салган учурун айтып, анын жакындары карышкырдан бычак менен сактап калганын айтты.