Депутат айым акыйкатчынын өкүлүн Орусияга жөнөтүүнү сунуш кылды

КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-январындагы, пленардык жыйынында акыйкатчынын өкүлүн Орусияга жиберүүнү өкмөттөн суранды.

"Орусияда биздин миллиондогон жарандар иштеп атышат. Биз кечээ Турсунбек Акунду кайтадан акыйкатчы кылып шайладык. Ал ансыз деле чет жакка чыгуу үчүн бир топ каражатты коротуп атат. Орусияда биздин омбудсмендин өкүлчүлүгү болушу зарыл деп ойлойм, керек болсо ал жакта туруктуу түрдө иштесин", - дейт депутат.

Кадыралиеванын айтымында, бир адисти ал жакта кармоо бюджет үчүн көп деле чыгым алып келбейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД