"Кыргызстанда мыйзам долбоорлорунун 47%ы парламентте иштелип чыгат", - деп Жогорку Кеңештин стратегиясын талкуулоо учурунда оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Роза Акназарова билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдардын 53%ы өкмөт тарабынан иштелип чыгат. "Бирок дүйнөлүк практикада мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгүн өкмөт иштеп чыгуусу керек. Жогорку Кеңеш кандайдыр бир идеаларды, демилгелерди гана көтөрүшү мүмкүн. Ал эми министрликтер жана ведомстволор өз тармагы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуусу кажет", - дейт Акназарова.