МСК: Бишкектеги унаа токтотуучу жайлардан түшчү каражат эки эсеге төмөндөгөн

2011-жылы машина токтотуучу жайдан чогулган каражат 16 млн 609,2 миң сом болгон. 2012-жылы 20 млн чогулат деп пландалган болсо, болгону 9 млн 981 миң сом чогулган. Бул тууралуу башкаруу жана борбордогу муниципалдык машина токтотуучу жайлардан чогулган төлөм маселеси боюнча Мамлекеттик салык кызматы (МСК) уюштурган жыйында белгилүү болду.

МСКнын басмасөз кызматы билдиргендей, 9-13-январь күндөрү салыкчылар ири соода түйүндөрү болгон "ЦУМ", "Мега Комфорт", "Комфорт", "Орто-Сай" жана "Ак-Эмирдин" жанында орун алган машина токтотуучу жайларды текшерүүгө алган. Андан сырткары Суеркулов, Юнусалиев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндөгү машина токтотуучу жайлар да текшерилген.

Муниципалдык, базар, унаа токтотуучу жай департаментинин маалыматына караганда аталган машина токтотуучу жайлардан айына 500 миң сом түшөт. Бирок, текшерүү учурунда анык болгондой түшкөн каражат 2,3 млн сом болушу керек болчу.

Белгиленгендей, Бишкекте 55 муниципалдык машина токтотуучу жай бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД