Дарылардын кымбатташы биринчи кезекте коомдун аялуу катмарына таасир берет

Дары-дармекке 12% кошумча нарк салыгынын (КНС) киргизилиши биринчи кезекте коомдун аялуу катмарына терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Дары менен камсыздоо КР улуттук альянсынын координатору Мариям Жанкорозова бүгүн маалымат жыйында билдирди.

"Мамлекет дары-дармекке канча сом коротсо, калк да ошончо суммада каражат сарптайт. Бүгүнкү күнү саламаттыкты сактоого ИДПнын 6%ы гана жумшалат", - дейт ал.

Жанкорозова калк саламаттыгын чыңдоого короткон акчасынын 70%ын дары-дармекке жумшай турганын билдирди.

"Дары-дармекке карата КНСтин киргизилиши коомдун дарыга кеткен чыгымын дагы да көбөйтөт. Анткени дарылардын 40%ын мамлекеттик дарылоочу мекемелер сатып алгандыктан мамлекеттин да чыгымдары көбөйөт", - дейт ал.

Ошондой эле, Жанкорозова 2003-жылы КНСтин алынып салынышы менен дарыларды чекене сатууда баасы төмөндөгөнүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД