Бүгүн Талас чек ара тосотунун аскерлери мамлекеттик чек араны бузгандыгы жана 11 баш мүйүздүү малды айдап бараткан жеринен Кыргызстандын эки жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Андан сырткары 23-январда Баткен чек ара тосотунун кызмакерлери тарабынан Кара аймагынан мамлекеттик чек араны аткезчилик жолу менен өтүүгө аракет кылган 15 тонна жүктү кармашкан. Анын баасы 375 миң сом деп бааланууда.
Кармалган адамдар жүк менен чогуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен областындагы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.