КР президент аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловду, Стратегиялык изилдөөлөр эларалык институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановду өлтүрүү боюнча сот ишинде төрт чек арачы суракка алынды. Бул тууралуу биринчи инстанцияда соттолгон КР чек ара кызматынын экс-жетекчиси Замир Молдошевдин адвокаты Кантемир Турдалиев "ВБ"га билдирди.
"Күбөлөр сотко кызыктуу деле эч нерсе айтышкан жок. Алар мурдагы сот иштеринде айткандарын эле кайталышты. Алар Садыркуловду чек арадан эч ким токтотпогонун жана "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда президент аппаратынын экс-жетекчисине эч кандай тоскоолдук болбогонун билдиришти", - дейт Турдалиев.
Ал ошондой эле күбөлөрдү суракка алгандан кийин сот ишин эртеңкиге калтырганын кошумчалады.