"Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө жогорку жактан эч кандай басым болгон жок. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү, 24-январдагы, жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, президент да, премьер-министр да, Жогорку Кеңештин төрагасы да мамлекеттик комиссиянын ишине кийлигишкен эмес. "Бирөө да чалып, басым көргөзгөн жок", - дейт Сариев.
Министр ошондой эле буга чейинки комиссиялардын ишине жогорку кызматта отургандар дайыма кийлигишип келгенин белгиледи. "Кумтөр" иштеп баштагандан бери аны 17 комиссия текшерген.
Сариев эч кандай басым болбогондуктан мамлекеттик комиссиянын иши "адилеттүү, мамлекеттин, элдин жана экономиканын кызыкчылыгына жооп берет" деп билдирди.