Бишкек шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйдөн кылмышкерлер аялды жана баласын өлтүрүшкөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булак билдирди.
Көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү түнкү экилер чамасында келип түшкөн. Жашоочулардын бири күйүк жыттангандыктан өрт өчүрүүчүлөргө чалган. Көп кабаттуу үйдүн биринде өрт чыгып, бөлмөнүн ичине түтүн толгон. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоонун алдын алышкан соң бөлмөдөн аялдын жана 5 жаштагы баланын сөөгүн табышкан. Аларды тез арада оорунага алып барышкан, бирок алар каза болуп калган.
Окуя болгон жерге укук коргоо органынын кызматкерлери келип, аял бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ага бир нече жолу бычак сайышып, андан соң мууздап салган.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.