Даниель Султанбеков КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, Султанбековдун ордуна Теңизбек Абжапаров дайындалды.
Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.