Темир Сариев: Биз Centerra Goldтун жетекчисинен көп суроого жооп алган жокпуз

"Биз Centerra Goldтун жетекчисинен көп суроого жооп ала алган жокпуз", - деп Жогорку Кеңештин "Ырыс алды-ынтымак" көпчүлүк коалициясынын бүгүнкү, 25-январдагы, жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдү текшерүү учурунда комиссиянын мүчөлөрү компаниянын Кыргызстандагы жетекчилиги менен жана Торонтодон келген Centerra Goldтун башчысы менен жолугушкан. "Биз кээ бир гана суроолорго жооп алдык, көпчүлүгү жоопсуз калды. Биздин эксперттер конкреттүү суроолорду берди, бирок ал суроолорду жазуу түрүндө берүүнү суранды. Биз жоопкерчиликти сезип турдук. Эгер "Кумтөр" боюнча маселе туура чечилсе, анда ал КРге чоң пайда алып келет. Анткени аталган кенди иштетүүдө биз мамлекеттик бюджетке чоң пайда алабыз жана экономика да өнүгөт. Эгер туура эмес чечим чыгып кала турган болсо, бизде жоготуулар көп болот. Ошондой эле инвестициялык климат да начарлайт. Эгер Жогорку Кеңеш аталган чечимди колдоп берсе, анда президенттин, өкмөттүн жана элдин позициясы бирдиктүү болот. Ошондо гана биз чыныгы күч боло алабыз", - деди Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД