Премьер-министр газ көйгөйү боюнча чечкиндүү чечимдерди кабыл алат

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев "Кыргызгаз" ААКтын жетекчилиги жана жаратылыш газына болгон ири карызы бар компаниялардын өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу жеке булактан "ВБ"га маалым болду.

Маалыматка ылайык, премьер-министр карызы менен такай көйгөй жаратып келген "Кыргызжилкоммунсоюз", "Бишкекжылуулукэнерго" жана "Электр станциялары" ААКтын маселесине чекит коет.

Карызкорлор менен маселени чече албаган "Кыргызгаз" ААКтын жетекчиси сөгүш алышы ыктымал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД