2012-жылы Кыргызстанда 28 миңден ашык кылмыш катталган. Мындай маалымат ИИМдин бүгүн, 25-январдагы, жыйынтыктоочу коллегиясында айтылды.
ИИМдин басмасөз кызматынын маалыматына ылайык, 2012-жылы кылмыштардын саны 2011-жылга салыштырмалуу 5,4%га азайган.
Республика боюнча ички иштер органынын кызматкерлери 18 946 кылмыштын бетин ачышкан. Бул жалпы жасалган кылмыштардын бетин ачууда 68,8%ды түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3%га көп.