Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ИИМдин бүгүнкү, 25-январдагы, жыйынтыктоочу коллегиясында өкмөт участкалык инспекторлордун жана өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлордун айлыгын көтөрүү боюнча маселени карап атканын билдирди.
Премьер-министр ошондой эле ИИМге жакын арада участкалык милиционерлер жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
"Жасалган кылмыштын 65%ы турмуш-тиричиликке байланыштуу. Ошондуктан бизде өзүбүздүн "Степа" агабыз болмоюнча, калктын милицияга болгон ишеними артпайт", - дейт ал.