Кыргызстан үчүн акциздик маркаларды литвалык компания жасайт

Спирт ичимдиктерине жана тамекиге чаптала турчу акциздик маркаларды даярдоону литвалык Garsu Pasaulis компаниясы тендерден утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компаниянын тендерге катышуу үчүн берген тапшырмасы бардык талаптарга жооп берет жана башкаларга караганда сунуш кылган баалары да ыңгайлуу.

Тендерди утуп алган компаниянын спорт ичимдиктерине чапталчу акциздик маркаларды даярдоо жана аларды алып келүү миң даанасына $12,98, ал эми тамекиге – 3,89 доллар деп белгиленген.

Үч жылга берилген тендердик тапшырыктын жалпы суммасы – 8 млн 921 миң 700 долларды түзөт.

Эскертсек, 2012-жылдын 18-декабрында тендерге катышуу үчүн тендердик комиссияга беш тапшырык келген. Ал компаниялар - Garsu Pasaulis (Вильнюс, Литва), Baltijas banknote (Рига, Латвия), "СИБПРО" (Новосибирск, Орусия), "Полиграф-защита" (Москва, Орусия) жана DeLa Rue International Ltd. (Улуу Британия).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД