КР президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду.
Мыйзам аялды анын эркине каршы никеге турууга мажбурлоого каршы турат. Ал он жети жашка толо элек кыздардын укугун, ошондой эле аялдардын никеге туруу эркиндигин коргоону күчөтүүгө багытталган. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзамда жазанын минималдуу мөөнөтүн – үч жылдан беш жылга чейин, максималдуусун – жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.