Кыргызстандын спирт ичимдиктерин өндүрүүчү ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев Орусиянын алкоголдук рыногун жөнгө салуучу федералдык кызматы улуттук оператор "Кыргызстан" соода үйүнө өз продукциясын дүңүнөн сатууга лицензия берүүдөн баш тартууда деп билдирди.
Ал соода үйү Москванын борборундагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда орун алганын маалымдады.
Орусиянын мыйзамдарына ылайык спирт ичимдиктерин дүңүнөн сатууда лицензия талап кылынат. Андыктан "Кыргызстан" соода үйү лицензия алуу үчүн федералдык кызматка кайрылган. Бирок маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Андыктан ассоциация биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жардам сурап кайрылган. Өз кезегинде ал бул тармакты көзөмөлдөгөн орусиялык коллегасы Игорь Шуваловго кайрылган.
"Орусиянын алкоголдук рыногун жөнгө салуучу федералдык кызматы уруксат берүүдөн баш тартып аткандыгын формалдуу иштерге байланыштурууда. "Кыргызстан" соода үйүнүн салык боюнча карызы бар деп атышат жана ал ведомствонун базалык маалыматтарына киргизилген эмес. Алар аталган эреже бузууларды жөнгө салгыла деп атат", - дейт ассоциациянын президенти.
Ал ошондой эле эгер бул маселе чечилбей турган болсо Орусиядан келип аткан спирт ичимдиктерин токтотуу маселесин кароо керек деген пикирде.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусиядан импорттолгон спирт ичимдиктери Кыргызстандагы рыноктун 10-12%ын түзөт. Бирок иш жүзүндө Орусиядан импорттолгон спирт ичимдиктери дээрлик 20%ды ээлейт дейт Куренкеев.