Чүй жана Манас көчөсүндөгү жер астынан өтчү жолдо жайгашкан соода түйүндөрү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.
Өрт тууралуу билдирүү "101" пультуна бүгүн эртең менен саат 7лер чамасында келип түшкөн. Өрт чыккан жерге 4-бөлүктүн өрт өчүрүүчүлөр келген. Бардык соода түйүндүндө электр зымдарында ток болгондуктан өрт өчүргүчтөр 40 мүнөттөн ишти баштай албай турушкан.
Анын кесепетинен өрт көп жерге жайылып кеткен. Жалын үч соода түйүнүнө жабышкан. Жер астынан өтүүчү жол түтүнгө толуп, ал жактагы адамдар эвакуацияланган.
Эки сааттан кийин гана өрт өчүгүчтөр тилсиз жоонун алдын алышкан. Алдын ала билдирүүлөр боюнча электр зымдарынан чыккан учкун өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.