Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү, 28-январдагы, жыйынында Баткен суу чарба бассейни башкармалыгынын жетечисинин орун басары Абдыбакир Имаров учурдагы айыл-чарба министри Чынгысбек Узакбаевди Суу чарбасы департаментинин башкы директорунун орун басары болуп турганда Тажикстанга мыйзамсыз суу берип турган деп айыптады.
"Чынгысбек Узакбаев мага 2012-жылдын 6-май күнү тажиктерге суу бергиле деп чалды. Менин "уруксат барбы?" деген суроомо "ооба бар" деп жооп берди. Бирок ал уруксат мага жеткен жок. Белгилей кетсем, секундасына 6,5 метр куб суу чыгарылат. Мен жазуу түрүндө уруксатты көрбөгөндүктөн суу берүүдөн баш тарттым. Мага уруксатты үч күндөн кийин бере тургандыктарын айтып, сууну азыр кое бер дешти. Кийинки күнү да мени жогорку жактагылардын тапшырмасын аткарып атасың деп ишендиришти. Ошого карабастан бул маселени чечүүгө көптөгөн атка минерлер кийлигишти", - дейт Имаров.
Айыл-чарба министри Узакбаев профилдик комитеттин жыйынына катышууда.