Социалдык фонд пенсия алуу үчүн минималдык эмгек стажын карап чыгууну демилгелеп атат. Бул тууралуу "Жарандардын пенсиялык камсыздандыруу системасына кириши: көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору" аттуу тегерек столдо Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
Анын айтымында, калыптанып калган системага ылайык, эгер жаран бир жыл иштесе да пенсия алууга укугу бар. "Орусия Федерациясында жарандар 10-15 жыл иштеген соң гана пенсия алат. Биз ошолордой тийиштүү минималдык чекти киргизүүгө ниеттенип атабыз", - дейт Социалдык фонддун төрагасы.