Жогорку Кеңештин бюджетин реформалоо боюнча парламенттик угууда КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева "Алтын-Көл" пансионатында эс алып жүргөн депутаттардын тизмесин иликтөөнү сунуштады.
"Эгер пансионатты сата турган болсо, өзүнүн бизнеси жок депутаттар кайда барып эс алат? Анда келгиле Конституцияга жеке бизнеси, акчасы болгондор гана депутат боло алат деп жазалы. Келгиле жөнөкөй адамдарга парламентке келүүгө жолду жабалы?", - деп сунуштады депутат.
Ал эл өкүлдөрүнө берилчү командировкалык каражат учуу үчүн гана бериле турганын айтты.
"Ал эми аймактарга баруу үчүн каражат каралган эмес. Жаңжал учурунда мен чек арадагы айылдарга бардым жана бензинди өзүмдүн каражатыма куйдум. Эгер кыскарта турган болсо, анда менин айлыгым эмнеге жетет?", - деп суроо салды эл өкүлү.
Депутат ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү элдин атынан чыгып сүйлөп атканына нааразы экенин билдирип, элдин атынан сүйлөгөнгө президент менен депутаттар гана укуктуу экенин кошумчалады.