Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп "Республика" фракциясынан өкүлү Болот Бакиров шайланды. Жаңы мэрди шайлоо эки тур менен өттү. Ал 21 добуштун 11 добушун алган.
Аталган шаар башчылыкка 3 талапкер ат салышкан. Анын ичинде шаардык акыркы мэри Бактыгул Алиев да бар. Ал биринчи турдан эле четтетилген.
Маалымат үчүн
Бакиров – Чолпон-Ата шаарында туулуп өскөн, билими боюнча юрист. Эки жолу шаар мэрлигине шайланган. Буга чейин "Ак-Толкун" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп эмгектенген.