Кыргызстанда күчү 5 баллдан жогору болгон жер титиреди

ӨКМнын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда 7,5 балл, Каракол шаарында болжол менен 5-5,5 болсо, Бишкек шаарында 4 балл болгон.

Кыргызстанда кечээ,28-январда, болжол менен түнкү саат 22:40та жер титиреди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да "ВБ"га тастыктады.

Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Алматы шаарынан 225 км алыстыкта, Казакстандын түштүк-чыгышында жана Каракол шаарынын болжол менен 100 км алыстыкта болгон.

Министрдин айтымында, жер титирөөнүн очогунда 7,5 балл, Каракол шаарында болжол менен 5-5,5 болсо, Бишкек шаарында 4 балл болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча зилзаладан жабыр тарткандар жок. Учурда адистер жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жер титирөөнүн болгонун эл аралык European-Mediterranean Seismological Centre сайтында да тастыкталды. Бул сайтта дүйнө жүзүндө болгон бардык жер титирөөлөр онлайн режиминде катталып турат. Аталган сайттын маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Рихтер шкаласы менен эсептегенде 6,1 балл болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД