28-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265 чакырымдарында, Каракол-Эңгилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында, Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150 чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кия унаа жолунун 62-100 чакырымдарында кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.
28-январдан 31-январга чейин абанын температурасы жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде кардын тез ээриши күтүлөт, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн.