Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча графикке ылайык бүгүн Кадамжай шаарынын жана 66 айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо белгиленген.
Мэрди жана жергиликтүү администарция башчысын жашыруун добуш берүү менен депутаттар шайлашат.
Эгер шайлоо болбой кала турган болсо, альтернативдик талапкерлерди көргөзүү менен кайтадан шайлоо үч күн аралыгында белгилениши керек.
Эскертсек, 28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстан боюнча 20 шаардын мэри жана 250 айыл өкмөтүнүн башчысы шайланат.