Бишкек шаарынын тургуну мандаринден ууланды

Бишкек мэриясынын колдонуучулардын укугун коргоо жана колдонуучу рыногун өнүктүрүү бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну Гулиза Исаевадан арыз келип түшкөн. Ал Ош базарынан мандарин сатып алган. Эки даана мандаринди жегенден кийин ал өзүн жаман сезип, тез жардам чакырткан. Дарыгерлер "уулануу" деген диагноз коюшкан.

Адистер мандариндерди Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясына жөнөтүшкөн. Эксперттер аталган цитрус өсүмдүгүндө гени алмаштырылган организмдер бар экенин аныкташкан.

"Биздин адистер арыз ээси менен базардагы мандарин сатып алган жерге барышты", - деп мэриянын алдындагы колдонуучулардын укугун коргоо жана колдонуучу рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мира Орозбекова "ВБ"га билдирди. – Текшерүү учурунда сатуучунун сапат тууралуу сертификаты жана санитардык дарыгердин өсүмдүктөр коркунуч жаратпай тургандыгын тастыктаган документи жок болуп чыкты. Сатуучуга айып салынды", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД