Мэрия кооптуу деп эсептелген жарнак такталарын алат

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы экспертизанын чечими менен 698 жарнак тактасынын Г түрүндөгү 159 тактасы кооптуу деп табылган. Мындай билдирүүнү Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко билдирди.

Анын айтымында, аталган такталардын көбүнүн ижара мөөнөтү да аяктаган. Муниципалитеттин өкүлдөрү кооптуу такталарды төрт этап менен алууну пландап атат.

"Манас көчөсүндөгү 30 даан такта, Чүй прспектисинде – 18, Байтик Баатыр көчөсүнөн – 56 такта алынат. Ошентип биз шаардын көчөлөрүн аз да болсо тазалайбыз. Биздин мындай аракетибизди жарандар колдошууда", - дейт Красиенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД