"Мыйзамсыз келген мигранттардын көптүгүнөн улам Кыргызстан каалагандын баары өтүүчү короо болуп калды", - деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга мигранттар кантип мыйзамсыз келип атканын билүү үчүн парламенттик иликтөө уюштуруу кажет.
"Биз виза бере турган, мигранттар боюнча сот адилеттигин чечкен жана алардын саны тууралуу статистикалык отчеттерду берип туруучу бир орган түзүшүбүз керек. Азыр бул боюнча эч ким жооп бербейт", - дейт эл өкүлү.