ИИМдин кызматкери Казакстандын жаранын тоноду деп шектелүүдө

Казакстандын жаранынын тонолушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү саат 11-30дар чамасында "Дордой" базарында ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкери жана убактылуу иштебеген киши Казакстандын жаранын күч менен машинага салып, өлтүрөбүз деп коркутуп 109 миң теңгесин (34 406 сом) алып, изин жашырышкан.

Бишкек прокуратурасы 25-январь күнү "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Тоноочулук" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышкерлерди кармоо жана алардын жашынган жерин аныктоо боюнча иш-чара жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД