Быйыл иммиграциялык квотанын саны 625 деп белгиленүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-январдагы, жыйынында "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндөгү" маселе каралды.

Анда Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов маалымат берип, 2013-жылы Бишкек, Ош шаарлары жана областтары боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдарга 625 иммиграциялык квота берүү каралып атканын билдирди. Министрдин орун басары былтыр 1337 квота берилгенен кошумчалады.

Бул маселенин талылуу жерлери көп болгондуктан тармактык комитет "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндөгү" маселеге кийинки жыйындарында кайрадан кайрылуу чечимине келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД