"Ош шаарынын статусу" жана "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзам долбооруна жакында эки жыл болот. Бул эки жыл аралыгында өзүнүн оюн жалкоо гана айткан жок окшойт", - деп Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Эскертсек, эки мыйзам долбоорун Текебаев иштеп чыккан.
Текебаевдин оюу боюнча, парламент "мыйзам долбоорун кабыл алууну создуктуруп" аткандыктан, Ошто "коомдук-саясый абал тынч болгон жок". Ошентсе да ал, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берүүнү суранды.
"Бүгүн кээ бирлери мыйзам долбоорун кайтадан экспертизага жөнөтүү керек дешүүдө. Мен ага каршы эмесмин, бирок ошол эле учурда мыйзам долбоорун ишке ашыруу да создуктурулат. Сиздердин комитет жакшы корутунду берди. Эки шаардын тагдыры бул мыйзамдын кабыл алынышынын көз каранды".