Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен Парламент Сенатынын төрагасы Кайрат Мамиге 2013-жылдын 29-январында Алматы шаарына жакын жерде болгон авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Көңүл айтуу катында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен, алардын аза кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат.