Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Алматы шаарына жакын жерде болгон авиакырсыктан каза болгондордун бирөөсүн таануу үчүн Казакстанга жөнөп кетти. Каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны Акрам Низамов да болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда, КР ТИМден "ВБ"га билдиришти.
ТИМдин кызматкерлери менен бирдикте Низамовдун туугандары да кетишти. Буга чейин Низамов Азербайжандын же Өзбекстандын жараны болушу ыктымал деп маалымдалган.
Эскертсек, кечээ, 29-январда, SCAT авиакомпаниясына тиешелүү Chellenger-200 учагы Көкшетау-Алматы каттамы боюнча учуп, Алматынын аэропортуна 5 км жетпей, кулап түшкөн. Кырсыктан улам, учактын ичиндеги 21 кишинин бары каза болгон.