Депутат: Окуучуларды дүйнөлүк диндер менен тааныштыруу зарыл

Кыргызстандагы конфессиялардын ишмердигин мыйзам менен көзөмөлдөө бышып жетилди. Бул тууралуу "Мамлекет жана дин: диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери" аттуу улуттук конференцияда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев билдирди.

Депутат Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, бүгүнкү күнү эң башкысы – бир тарабынан өкмөт, экинчи тарабынан жарандык коом менен конфессиялар ортосундагы диалог.

Анын айтымында, Кыргызстанда диний билим берүү боюнча так укуктук база болбогондуктан "эл салттык диний конфециялардан чыгууда". Мындай аракеттер түрдүү секталардын өнүгүүсүнө салым кошууда,- дейт депутат.

"Көп жылдардан бери окуу программасына толеранттуулукту калыптандыруучу негиз катары жана жаштардын түрдүү диний секталарга кирип кетишинин алдын алуу боюнча дүйнөлүк диндер предметин киргизүү талкууланып келет", - дейт депутат.

Депутат ЖМК такай "бул демилгени бурмалап, куран гана окутулуп калат деп айтып келет", бирок ал бул туура эмес экенин белгилеп, баардык диндер менен таанышуу керектигин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД