Кыздар учун ислам диний оку жай адирес
Учурда республика боюнча диний билим берген 91 мекеме бар. Алардын 75и ислам, 16сы христиан конфессиясына тийиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда, "Мамлекет жана дин: диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери" аттуу улуттук конференцияда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкө боюнча ислам багытында билим берген 10 жогорку окуу жай, 7 билим берүү жайы жана христиан багытында 9 орто билим берүүчү мекеме бар.
"Алардын көпчүлүгүндө билим берүүнүн минималдык мамлекеттик стандарттары да сакталбайт. Биздин максат диний билим берүүнү стандартташтырууга багыталыш керек жана бул тармактагы мыйзамдык базаны жакшыртуу зарыл", - дейт Жумабаев.