Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөдөн 15 үй зыян тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Түп районунун жарандык коргоо комиссиясы жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан айылдарга барышкан. Адистердин айтымында, жердин силкинүүсүнөн улам 12 үй авариялык абалда, 3 үй капиталдык оңдоого муктаж.
Тогуз-Булак айылында 2 үй авариялык абалда болсо, Токтоян айылында – 3, Чоң-Тогузбай айылында – 2, Сары-Дөбөдө – 2, Аралда – 2 жана Миң-Булак айылында бир үй авариялык абалда. Ал эми Талды-Суу айылындагы үч үй капиталдык оңдоого муктаж.