"2012-жылы жаза аткаруу тармагын жакшыртуу максатында 2016-жылга чейин улуттук программа иштелип чыккан", -деп Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, улуттук программанын алкагында камалгандардын шартын жакшыртуу, кесиптик-техникалык жактан билим берүүнү колго алуу боюнча да иштер камтылган.
Ал ошондой эле учурда абактардагы абал жакшырганын кошумчалады. "Коомчулукта дайыма эле абактагылардын абалын жакшыртуу боюнча иштер башталгансыйт, бирок андан жыйынтык чыкпай атат деп айтылууда. Бирок мен алар менен макул эмесмин. Учурда абактагылардын абалы мурдагыдан жакшырды. Азыр бардыгынын шейшеп, жууркандары бар", - дейт ал.