"Кыргызстандагы түрмөлөрдүн аймагына телефон сигналдарын тосо турган жабдыктар орнотулат", - деп Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы оперативдик режим башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Энтериев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай чаралардын көрүлүшү абактагылардын жалган маалымат таратып, кээде коомду дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү таратпоосу үчүн коюлууда.
Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өткөн жылы абактын 17 кызматкери жумушунан алынганын маалымдады.
Энтериев ошондой эле өткөн жылы аялдардын экинчи колониясында Еврокеңештин жардамы менен тигүү цехи жаңыртылганын кошумчалады.
"Учурда бул цехке Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тапшырык берип, учурда абактагылардын бары атайын кийим менен камсыз болду. Азыр тигилген кийимдердин сапатына көңүл бурулууда", - деди ал.