Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз жарандары менен тажик жарандары ортосунда болгон мушташка 4 гана адам катышкан. Бул тууралуу областык ИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупова "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, 28-январда Баткен ИИБине Ош – Исфана автожолуна Көк-Таш айылынын тургундары чогулуп атат деген билдирүү түшкөн. Алар Тажикстандын жаранын кармоону талап кылышкан.
Алардын айтымында, алгач Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранын сабап койгон. Андан соң коңшу мамлекеттин 40-50дөй кишиси кыргызстандыкты сабап койгон. Ошондой эле тажикстандыктар жергиликтүү дүкөнчү Бахри Низамованын дүкөнүнүн терезесин жана мектептин терезесин талкалап кетишкен.
Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.