Президент Бекназаров менен бир нече айдан бери жолуга элек

Бир катар коомдук уюмдар тарабынан Азимбек Бекназаровго 2010-жылдын апрелинде мамлекеттик акча каражаттары берилгендиги жөнүндөгү маалымат шардана кылынгандан кийин КР президентинин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө Азимбек Бекназаровдон кат келип түшкөн. Анда айрым тил каттардын сапаты начар көчүрмөлөрү тиркелип, акча каражаттарын кандайча чыгымдагандыгы жөнүндө билдирилген. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Мындай жагдайда иликтөөлөрдү жүргүзүү президент аппаратынын иши эмес. Азимбек Бекназаров өзүнүн карамагындагы материалдарын тийешелүү органдарга жөнөтүп, ошол жакта 16 миллион сомду кай жакка жумшагандыгы жөнүндө өз жоромолун бышыктаса болмок", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган көчүрмөлөр президент аппаратына почта аркылуу келип түшкөн жана мамлекет башчысы акыркы бир нече айдан бери Азимбек Бекназаров менен жолукпагандыгы айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД