Бакиевдин санаалашы Кыргызстанга экстрадицияланды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин санаалашы делинген Пайзуллабек Рахманов Казакстандан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР укук коргоо органдары тарабынын изделип, эл аралык издөөдө жүргөн Пайзуллабек Рахманов кечээ, 29-январда Казакстандан экстрадицияланды. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Эскертсек, 2012-жылдын 15-июнунда Рахманов Казакстандын Жамбыл облусунда кармалган. Ал кармоо учурунда Белорусиянын жараны Пазылы Ташбаевдин паспортун көргөзгөн.

Учурда Рахманов Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагында камакка алынды. Ага карата козголгон кылмыш ишин МУКК иликтөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД