Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаш бала секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана куткаруучулар келишкен. Бирок өспүрүм менен сүйлөшүүгө болгон аракеттерден майнап чыккан жок. Алар аны кармаганга аракет кылышса секирем деп коркутту. Тартип сакчылары эч нерсе кыла алышпай, баланын ата-энесин чакырганга мажбур болушкан. Баланын атасы аны бир канча мүнөт ичинде эле алаксытып, секирүүдөн сактап калды.