Юстиция министри адвокат Айкуловду мыйзамды бузбоосун буйруду

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 28-январда адвокат Икрамидин Айткуловго эскертүү берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул документти адвокат Facebook социалдык тармагына жарыялады.

Министрлик алдыдагы Квалификациялык комиссиянын 2013-жылдын 21-январындагы №3-а чечимине таянып министр төмөндөгүдөй буйрук берди.

1. Адвокат Айткулов Икрамидин Назарович (2004-жылдын 15-июнунда берилген №1246 лицензия) мындан ары мыйзамдын талаптарын бузбоо жөнүндө эскертилсин.

2. КР Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгына ушул буйрукту лицензиатка билдирүү жана буйруктун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү тапшырылсын.

Эскертсек, мындан мурдараак Башкы прокуратура Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лицензиясын алуу боюнча Юстиция министрлигине өтүнүч кат жөнөткөн. Министрлик алдында комиссия түзүлүп, Башкы прокуратуранын өтүнүчү канаатандырылбай, Айткуловду лицензиясынан ажыраткан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД