Биринчи Май РИИБине алданып калган бир канча киши кайрылышты. Бул тууралуу ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шектелүүчү насыяга машина берем деп, жарандардын ишенимине кирген соң алардан акча чогултуп, өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп келген. Алдын ала иликтөөлөргө караганда окшош 110 факты аныкталган.
Биринчи Май райондук кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун 34 жаштагы тургунун шектүү катары кармашкан. Азыр ал №1 Убактылуу тергөө абагына камакка алынды.